• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков телефон аркылуу Эрдоган менен сүйлөштү - эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 02.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркинын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасында муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга албан ийгиликтерди, бекем ден соолук каалады.

Пикир

Оставить комментарий