• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Токмок шаарындагы өндүрүш ишканалары менен таанышты - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республиксынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарындагы өндүрүш ишканалары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы текстиль кийимдерин чыгарган «Viva Tex» жана «КазГрейн» ЖЧК “Макарон азыктарынын комплекси” ишканаларында болду.

Андан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков реконструкцияланган “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасын көрүп чыкты. Бул жерде шаардагы мамлекеттик, медициналык жана билим берүү мекемелерин жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жаңы буу казандары, химиялык агрегат жана башка жабдуулар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий