• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы 2 жылда КРда электр приборлордон жаракат алган балдардын саны көбөйдү

Ден соолук 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Акыркы эки жылда Кыргызстанда электр приборлордон улам балдардын жаракат алган учурларынын саны өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Беерманов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5 айында жаракат алган 75 бала келип түшкөн. Айрым учурларда балдарды мектептерден алып келишет.

“Жыл башында 3 бала колун электр эт туурагычка салып алган. Жазында ушундай эле абал менен бизге Жалал-Абад облусунан бир бала келип түшкөн, бирок анын манжалары майдаланып калган”, - деди дарыгер.

Беерманов акыркы 2 жылда балдардын жаракат алуусу дээрлик эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

“Учурда бардык адамдардын үйүндө болгарка, электр эт туурагычтар бар. Алардын баары балдар жете тургандай коюлган”, - деди Беерманов.

Пикир

Оставить комментарий