• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Усубалиев "өзүм эмес – элим" деп жашап өттү

Президент 0


Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Турдакун Усубалиев мамлекет алдындагы ыйык милдетин адал аткарып, "өзүм эмес – элим" деп жашап өттү. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Жээнбеков, Усубалиевдин өмүрү, мамлекеттик ишмердиги – элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калганын белгиледи.

"Турдакун Усубалиев эң жогорку кызматта турганда да, депутаттык милдетин аткарып жүргөндө да, өз позициясында бекем туруп, көкүрөктөгү чындыгынан жазбай, мамлекет алдындагы ыйык милдетин адал аткарып, "өзүм эмес – элим" деп жашап өттү. Ал киши, чындыгында эле – феноменалдуу эс тутуму бар, республиканын аймактарын, андагы иштеген кадрлардын ар бирин мыкты билген, тирүү легенда, басып жүргөн архив болчу", - деди ал.

Президент белгилегендей, Усубаливедин жетекчилик гана эмес, инсандык сапаттары тууралуу да жакшы сөздөр аңыз болуп айтылып, урпактарга жетет.

Пикир

Оставить комментарий