• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктап, Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды

Коом 0


Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков UFC чемпиону Валентина Шевченкону UFC 247 мелдешинин алкагындагы жеңиши менен куттуктады. Шевченко бул боюнча видеосун соцтармактагы баракчасына жарыялаган.

"Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков телефон чалып, жеңишим менен куттуктады. Ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (ред.: Федотов), эжем Антонинага саламын жолдоду", - дейт мушкер.

Шевченко белгилегендей, Жээнбеков аларды жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырган.

"Чоң рахмат, Сооронбай Шарипович, биз сөзсүз барабыз", - деген ал.

Эскерте кетсек, Шевченко кечээ, 9-февралда UFC 247 мелдешинин алкагында чемпиондук курун коргоп, америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешкен. Үчүнчү раунда ал атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий