• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков жакынкы күндөрү Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

Президент 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

28-29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында, Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалы к рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Визиттин жүрүшүндө Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

30-майда, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Президент Сооронбай Жээнбеков Индияга иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, 31-майда, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Мамлекет башчысы Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий