• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков ЖЕЭКнын видео-конференция форматындагы жыйынына катышат

Президент 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат.

Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышат.

Пикир

Оставить комментарий