• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда өлкөнүн Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуу Кыргызстандын парламентинин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болуп өттү.

Мыйзам чыгарууну жакшыртуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кароосунда биринчи кезекте карай турчу мыйзамдардын пакети бар экенин белгиледи. Алардын ичинде республикалык бюджеттин кийинки жылга карата долбоору. Ошондой эле 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча Өкмөттү мыйзам жагынан колдоо зарыл экендиги белгиленди.

Мындан тышкары Президент алдыдагы парламенттик шайлоодо эрежелердин туруктуулугун камсыздоонун маанисин белгиледи.

«Бардык өзгөртүүлөр шайлоо дайындалган мөөнөткө бир жыл калгандан кеч эмес такталып киргизилиши керек жана кийин „оюндун шарттары“ өзгөрбөшү керек», — деп эске салды Мамлекет башчысы жана парламентти шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү карап чыгып, өз учурунда кабыл алууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин өнүгүүсү жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн бийликтин бардык бутактары биргелешип иштеши зарыл экендигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин профилдик комитеттери жана депутаттык комиссиялары өз ишин баштады деп белгиледи. Бул жумада парламенттин отурумдары башталат.

«Кыргызстандын парламенти Жогорку Кеңештин сессиясынын кийинки мөөнөтүнө даяр», — деп белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий