• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбековду Түркмөнстанга коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет.

Расмий делегация:

Эрлан Абдылдаев – Тышкы иштер министри,

Данияр Сыдыков - Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы,

Жаныш Рустенбеков – Кыгызстандын Түркмөнстандагы элчиси,

Автандил Кулбараков – Жогорку Кеңештин депутаты,

Таабалды Тиллаев - Жогорку Кеңештин депутаты,

Жамшитбек Калилов – Унаа жана жолдор министри,

Нурболот Мирзахмедов – Өзгөчө кырдаалдар министри,

Нурбек Мурашев - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри,

Азиз Суракматов – Бишкек шаарынын мэри.

Пикир

Оставить комментарий