• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбековду Талас облусундагы МТС түйүндөрүнүн кеңейиши канааттандырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. «Акыркы кезде экономиканын туруктуу өнүгүүсүнөн улам, айыл чарбасынын комплекстүү өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Анын катарында МТС түйүндөрүнүн кеңейиши да бар». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда, Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө билдирди. Өкмөт башчы Талас районуна караштуу Манас айылындагы «Ак-Сай сервис» машина-трактордук станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекеттик райондук администрация башчысы – Талас районун акими Бакыт Нуржанов билдиргендей, акыркы кезде райондо эле ушул сыяктуу он МТС түзүлдү. «Ак-Сай сервис» – алардын ичинен эң ириси. Өкмөт башчысына айыл чарба техникаларын жана 2035-жылга чейин Талас районундагы айылдарды өнүктүрүүнүн башкы планын көрсөтүштү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, премьер-министр «Айыл чарбасын каржылоо– 5» программасынын алкагында айыл чарбасын колдоого жалпы суммасы 3,6 млрд сом болгон 9 миңден ашык жаранга насыялар берилгенин эске салды. Жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 7 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

«Ата мекендик айыл чарба тармагы күн сайын өсүп жатканына ишенем. МТС санынын көбөйүшү жана айыл чарба техникаларын көп алып келүү менен, аларды колдонуудагы тейлөө баалары жөнөкөй жарандар үчүн арзандашы керек. Өз кезегинде биз айыл чарбасына жеткиликтүү насыялардын көлөмүн арттыруунун үстүнөн иш алып баруубуз зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары жергиликтүү жарандар менен болгон жолугушууда лизингди өнүктүрүү маселеси талкууланды. Премьер-министр ушул максатты ишке ашырууга үстүбүздөгү жылы 1 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун курулуш участкасын көрдү. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүнкү күндө асфальт төшөөнүн биринчи катмары аягына чыкканын билдирди. Ал ошондой эле жолдун эндүүлүгү 15 метрге чейин кеңейгенин кошумчалады. Министр ушул жылдын 25-августуна чейин Талас шаарындагы ички жолдорду асфальттоо иштери аягына чыгарын белгиледи. Андан кийин жол куруу иштери Талас облусунун райондорунда башталат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкөнүн аймактарындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана стратегиялык магистралдарга мамлекеттик бюджеттен жетишээрлик суммадагы каражаттар бөлүнүүдө. Ошондой эле ири көлөмдө гранттык инвестициялар тартылууда.

«Бизде деңигзе чыгууга жол жок. Ошондуктан Кыргызстан аймактар үчүн транспорттук хабка айланышы керек. Бул биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жакшы дем берет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жалпысынан алып караганда Өкмөт башчысын курулуш иштеринин өз мөөнөтүндө аткарылышы канаттандырды. Сооронбай Жээнбеков Траснпорт жана жолдор министрине жол оңдоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.

Ошондой эл Кара-Буура районундагы Кировка-Каныш-Кыя автожолунун участкасын көрүүдө, Премьер-министр транспорт жана жолдор министрлигине аны реконструкциялоо боюнча деталдык планды иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий