• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын алдындагы илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин “Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жана КР Улуттук илимдер академиясынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчынын жарлыгын сапаттуу жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз министрлер кабинетинен ишмердүүлүктүн айрым багыттары боюнча, өзгөчө экономика, өнөр жай, айыл чарба чөйрөсүндө биздин академиялык чөйрөлөрдөн жана жогорку окуу жайлардан чечкиндүү кадамдарды, сергек идеяларды жана сунуштарды күтөбүз. Суу ресурстары жана азык-түлүк коопсуздугу Илимдер академиясынын ишинин негизги багыттары болууга тийиш, бул аспектилерде илимдин, университеттердин жана мамлекеттик органдардын координацияланган натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарыл. Процесске киргизүүнү жана конкреттүү чечимдерди күтүп жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Жыйындын жүрүшүндө ал Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук илимдер академиясы тарабынан илим тармагына тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгилеп, өлкөдө илимди өнүктүрүү үчүн эки бөлүмдүн өз ара аракеттенүүсү жана биримдиги зарыл экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий