• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында, Кыргызстандын аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет жана анын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий