• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жер-жерлерде гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Республикалык штаб жер-жерлерде көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди.

«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан Кыргызстанга ПЧР-тесттер жана өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары катары гумжардамдын экинчи бөлүгү берилди. Эске салсак, 10-апрелде аталган фонддор коргоочу костюмдар, коргоочу беткаптар, байланышсыз термометр ж.б. каражаттарды жардам катары көрсөтүшкөн.

Ош шаарына медициналык коргонуу каражаттары (300 атайын костюм, 300 коргоочу көз айнек, 220 медициналык топу, 20 инфракызыл термометр жана 30 000 жалпыга колдонулуучу медициналык беткап, №95 коргоо даражасындагы 500 респиратор) берилди. Гумжардам Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий