• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жергиликтүү мамадминистрация жана ЖӨБ органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынан райондук кеңештер жөнүндө ченемдерди алып салуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий