• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эл өкүлдөрү Талас облусундагы бир катар социалдык объекттерди кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары Талас облусундагы бир катар социалдык объекттерди кыдырышты.

Парламенттен билдиришкендей, көчмө жыйынга комитет төрайымы Винера Раимбачаева баштаган депутаттар Гүлкан Молдобекова, Аида Исатбек кызы, Марат Мураталиев, Бактыбек Чойбеков, Русланбек Жакышов катышууда.

Алгач депутаттар Талас районундагы Асанбек Оторбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Талас облусунун башчысынын орун басары Талант Эдиловдун айтымында, аталган окуу жайда 380 окуучу билим алууда. Бирок аталган билим уясы авариялык абалда болгондуктан аны министрлер кабинетинин планына киргизүү боюнча чечим кабыл алынган.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева мамлекет боюнча жүздөгөн жаңы мектептер курулуп жатканын эске салып, Талас районунун жашоочуларынын дагы мектепке болгон муктаждыгын тез арада канааттандыруу зарыл деди.

Ошондой эле депутаттар Талас районундагы Чат-Базар айылындагы Алмаш Эшалиева атындагы балдар бакчасына барышты. Бала бакчанын жетекчиси Нурча Бапышованын маалыматы боюнча, бала бакча 1956-жылы курулган. Учурда имараттын эскилиги жетип, 60 гана бала тарбия алып жатат. Айылдыктар 150 орундуу бала бакчага муктаж экенин билдирди. Көйгөйдү жеринен көргөн эл өкүлдөрү айыл тургундарынын талабын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүп, жаңы бала бакчанын курулуусуна көмөк көрсөтөрүн убада кылышты.

Андан ары комитеттин жыйыны Талас районунун Орто-Арык айылындагы мектептин абалы менен таанышуудан уланды. 1988-жылы аталган мектеп 200 окуучуга ылайыкталып курулган. Бирок окуу имараты саман аралашмасы менен курулгандыктан заман талаптарына жооп бербейт. Кышында жылыбайт жана чатырынан суу өтүп, полдору дагы жарака кеткен. Депутат Русланбек Жакышовдун айтымында, айылдык мектепке ӨКМ өкүлдөрү эчак эле авариялык абалда деген корутунду чыгарышкан. Бирок эмдигиче жаңы мектеп куруунун сметалык долбоору иштелип чыкпаганын айтты. Эл өкүлү Гүлкан Молдобекова жеткиликтүү шарты жок муздак класста татыктуу билим болбостугун айтып жаңы 375 орундуу окуу имаратын тургузуу зарылдыгын белгиледи.

Андан ары эл өкүлдөрү Бакай ата районундагы Кең-Арал орто мектебине барышты. 650 окуучуну кучагына алган бул билим уясы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүгө тийиш. Учурда оңдоп-түзөө иштери жарым-жартылай жүргүзүлүп, акча каражатынын өз кезегинде бөлүнбөгөндүктөн оңдоо иштери токтоп калган. Депутат Марат Мураталиев калган акча каражаты качан бөлүнөрүнө кызыкты. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу маселени өз көзөмөлүнө алып ыкчам чечүүгө убада берди.

Андан соң, депутаттар Бакай-Ата районуна 100 орунду оорукана куруу маселесин талкуулашты. Белгилей кетсек, 100 орундуу оорукана куруу демилгеси бир канча жолу көтөрүлүп, бирок курулуш иши башталбай келет. Депутат Русланбек Жакышов эмдигиче долбоордун сметалык баасын даярдабай жаткан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сынга алды. Аталган агенттиктин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу оорукана кура турган жер тилкесинин кызыл китеби жок экенин айтып, бул маселени жергиликтүү бийлик башчылары чечип берүүсүн талап кылды. Жолугушууда район жетекчилиги менен бирге айтылган көйгөй чечилип, тез арада оорукана куруу боюнча сметалык долбоор иштелип чыкмай болду.

Социалдык комитеттин кийинки жыйыны Бакай-Ата районуна караштуу Чалдыбар мектеп-интернатында уланды. Белгилей кетсек, аталган окуу имараты Манас лицейи менен мектеп интернатынын талашына түшүп келүүдө. Айыл тургундары Чалдыбар мектеп-интернатын мурдагы калыбына келтирип, Манас лицейи үчүн башка имарат таап берүүнү талап кылышты. Депутаттар маселени эл талабына жараша чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылышты.

Белгилей кетсек, аталган социалдык көйгөйлөрдүн арасында Талас облусунда кеңири жыйын өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий