• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри волейбол боюнча муниципалдык команданын курамын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңыдан түзүлүп жаткан волейбол боюнча муниципалдык клубдун оюнчуларын жана машыктыруучусун кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда шаар жетекчиси команданын курамы менен жакындан таанышып, алар менен клубдун алдыдагы ишмердүүлүгүн талкуулады.

“Баарыңыздар билгендей Ош шаарында футбол боюнча муниципалдык “Алай” клубу бар. Алар шаардын намысын өлкөбүздө ошондой эле эл аралык мелдештерде коргоп, жакшы жетишкендиктерди багындырып келет. Волейбол боюнча да муниципалдык клуб түзүү демилгеси көтөрүлүп, сунушту шаардык кеңештин сессиясында депутаттар колдоп берди. Команда Ош шаарынын атынан республикалык жана эл аралык мелдештерге катышат. Ал эми, Ош шаарынын мэриясы клубду ар тараптан колдоп, команданын курамына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз”, - деди Т.Сарыбашов.

“Ош шаарынын муниципалдык клубу “Ак-Буура” деп аталды. КРнын Волейбол федерациясынын регламентине ылайык команданын курамы түзүлдү. Командага буга чейин волейбол менен профессионалдык деңгээлде машыгып, өлкө чемпиондугунда ойноп жүргөн оюнчуларды сыноолордун негизинде кабыл алдык. Клуб шаардык мэрия тарабынан каржыланып, оюнчуларга, машыктыруучуларга жана дарыгерлерине айлык маяна берилет. Келечекте Ош шаарынын намысын республикалык жана эл аралык деңгээлде коргоп, көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген чоң үмүттөбүз”, - деди клубдун машыктыруучусу Алмаз Атабаев.

Пикир

Оставить комментарий