• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК депутаттары жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартып, аларды залдан чыгарып салды.

Жаңы министрлердин талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эмес, президенттин өкүлү Алмазбек Абытов сунуштаганы депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

Эл өкүлдөрү Акылбек Жапаровдун парламентке келип, мурдагы министрлер эмне үчүн кызматтан алынганын жана азыркы талапкерлер ката кетирсе, ким жооп берерин айтып берүүсүн талап кылышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулган.

Өз кезегинде, Таалайбек Ибраев энергетика министринин, Уланбек Мамбетакунов билим берүү министринин, Алтынбек Максутов маданият министринин жана Тилек Текебаев транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий