• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК Төрагасы Нарын облусунун активи менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын шаарында облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Айрыкча, облустун инфраструктурасы, мектептердин, оорукана жана жолдордун абалы башкы маселе катары айтылды. Айрым энелер жөлөк пул чегерүү көйгөйүнө да токтолушту. Ошондой эле жерлерди трансформациялоо да курч бойдон калып жатканы белгиленди.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелерди чечүүгө көмөктөшүрөн убада кылып: "Нарын облусу өзгөчө мааниге ээ аймак. Бул жерде өнүктүрүүгө муктаж болгон чоӊ мүмкүнчүлүктөр арбын. Биз да аймактын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган бардык иш-аракеттерди көрөбүз", - деди.

Пикир

Оставить комментарий