• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Жайыл районундагы Новониколаевка инновациялык орто мектебинен кабар алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жайыл районундагы иш сапарынын алкагында Новониколаевка инновациялык орто мектебинен кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мугалимдер менен баарлашкан төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, айрыкча мектептердин курулушу жигердүү жүрүп жатканына токтолду.

Муну менен катар ал агартуучулардын маянасы көтөрүлгөнү менен бул дагы жетишсиз экенин белгилеп, жакынкы аралыкта айлык маселеси дагы караларын кошумчалады.

“Жаштар биздин келечек деп келебиз. Андыктан мамлекет алардын татыктуу таалим-тарбия алышы үчүн керектүү шарттарды түзүп, мугалимдерди колдоого алышы керек”, - деди төрага.

Белгилей кетсек, Новониколаевка инновациялык орто мектеби эки корпустан туруп, анын бири 1960-жылы курулса, экинчиси 1983-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы 975 окуучуга ылайыкташтырылганы менен азыркы тапта 2500дөн ашуун окуучу билим алат. Андыктан, кошумча жаңы окуу корпусуна муктаж. Ага ылайык, 600 орундуу имарат куруу мерчемделүүдө.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунда иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында аймактагы социалдык мекемелердин абалы менен жеринде таанышып, айрым өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгүнөн кабар алууда.

Пикир

Оставить комментарий