• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясы видеоконференция форматында өттү

Саясат 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган иш-чарага катышты.

Армения Республикасынын төрагалыгы астында өткөн сессияда «Казакстан Республикасындагы абал жана аны жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе талкууланды.

Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась катышты.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Казакстанда курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларына өлкөдө болуп өткөн окуялар учурунда ЖККУнун алкагында көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышына жана Казакстан Республикасында тынчтык менен тартиптин орношуна чын дилден кызыкдар экенин баса белгиледи. Кыргыз Республикасы ар дайым туруктуулукту, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, мамлекеттүүлүктү чыңдоону жана Казакстандын гүлдөп өсүшүн жактай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий