• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУнун жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо протоколуна түзөтүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды. Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каржылык чыгым талап кылбайт. Ошондой эле, протокол КР Өкмөтүнүн жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндөгү саясатына туура келет.

Пикир

Оставить комментарий