• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

А. Жээнбеков: Уурулар жооп бериши керек - Бишкек ЖЭБиндеги авариянын тергөөсүнүн жыйынтыгы боюнча

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Ким күнөөлүү болбосун Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария үчүн жооп бериши керек. Бул тууралуу депутат Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумундагы Бишкек ЖЭБи боюнча маселени угууда билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш чечимдерди мамлекет жана элге жакшы болсун деген ниет менен кабыл алат.

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча долбоорду колдогондо да парламент өлкөнүн жетекчилигине ишенип колдогон. Эгер анын таржымалына кайрылсак 2013-жылы 16-июлда өкмөт контракттык макулдашууга кол коюп жатат. Ал контракттын алкагында парламентке насыя макулдашуусунун долбоору ошол жылдын сентябрь айында келген. Бизге ал долбоорду тез арада карап, ал өлкөгө керектигин айтышкан. Сиздер кароону тездетүүнү ким суранганын билесиздер", - деди Жээнбеков.

Анын айтымында, Отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча комитет менен Бюджет жана каржы комитети бул маселени карап, баардык депутаттар өз пикирлерин билдирип, өкмөткө сунушун жөнөткөн.

"Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети долбоорго макулдук берип, өз чечимин чыгарган. Баардык документтер бар. Ал убакта өкмөт тарабынан кароону тездетүү боюнча көп өтүнүчтөр болгон. Жыйынтыгында баардык процесстер аяктап, парламентке өкмөттөн баардык министрликтердин колдору коюлган макулдашуу тиркелген кат келген. Анда макулдашуунун долбоорун тез арада кароо көрсөтүлгөн. Үч комитет сыяктуу эле Конституциянын алкагында аны карадык. Министрликтин өтүнүчү менен макулдашуунун долбоорун бир күндө карап, ратификацияладык. Өкмөттүн тез арада кароо боюнча өтүнүчтөрү мурда келчү, азыр да келүүдө. Муну баардык депутаттар билет. Ошондо да эмнеге кымбат деген суроолор болуп, ага өкмөттөн протоколдук документтер келген", - деди ал.

Анын айтымында, макулдашуунун алкагында өлкөнүн түндүгү жана түштүгүндө эки мектепти куруу планданган.

"Биз аларга ишенгенбиз. Жыйынтыгында эмне болду? Жыйынтыгында Бишкекте бир гана мектеп курулуп, ага бюджеттен да 104 млн. сом жумшалды. Аны да сапатсыз курушту. Уурулар жооп бериши керек, кандай ойлойсуздар? Жогорку Кеңеш мыйзам бузбаганын, өз милдеттерин аткарып жатканын айткым келет. Баардыгы, биринчи кезекте эл ишенген. Биз да мындай болорун билген эмеспиз. Өткөн кышта -25, -30 градус суук болуп, баардыгы ачыкталды. Жыйынтыгында парламент ЖЭБдеги аварияны изилдөө боюнча комиссия түздү. Авария боюнча териштирүүнү аягына чейин чыгарууну биз чечтик. Ошондо да өкмөт Мекемелер аралык комиссияга депутаттарды кошуп, ошону менен бүтүрүүнү сунуштаган. Анда депутаттар макул болгон эмес. Бизде ал жерде уурдоо болгонунда күмөнүбүз болгон. Күнөөкөрлөрдө башка жол жок болуп, Жогорку Кеңешти каралоо, жоопкерчиликти бизге оодаруу менен жоопкерчиликтен кутулгусу келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий