• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште бир катар актылардын долбоорлору жактырылды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында бир катар актылардын долбоорлору жактырылды.

Жактырылган актылардын долбоорлорунун тизмеси:

- «Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө-мамлекеттерине үчүнчү өлкөлөр тарабынан жасалган экономикалык басым жөнүндө» маселелердин алкагындагы тапшырма;

- Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө билдирүүсү;

- «Евразиялык экономикалык биримдиктин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун калыптандыруунун экинчи этабына өтүү жөнүндө» чечим;

- «Ташып кирүү бажы алымынын ченемин өзгөртүү чечими Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан кабыл алына турган аялуу товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;

- «2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө макулдашуунун Евразиялык экономикалык комиссия жана Евразиялык экономикалык биримдиктин сотунун Россия Федерациясынын жараны болгон кызмат адамдары менен кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” протокол;

- «2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында тышкы аудит (контроль) жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» чечим;

- «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө» тескеме;

- «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» чечим;

- «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө» чечим.

Пикир

Оставить комментарий