• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеште Бабанов боюнча маалыматты угуу колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иш тууралуу укук-коргоо органдарынын маалыматын угуудан баш тартышты.

Буга чейин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин күн тартибине Бабановго козголгон кылмыш иши тууралуу маселени кароону киргизип, Башкы прокуратура жана УКМКнын маалыматын угууну сунуштаган.

Төрага Дастан Жумабеков депутат Сабировдун бул сунушун добуш берүүгө койгон. Бирок эл өкүлдөрү бул сунушту колдошкон жок.

Эске сала кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Башкы прокуратура “Республика Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго конституциялык түзүмдү күч колдонуу менен өзгөртүү жана калкты улут аралык жана дин аралык чыр чатакка алып келчү чакырыктары үчүн козголгон. Ал президенттик шайлоо алдында Оштун “Амир-Тимур” кичимикрорайонунун элдери менен жолугуусундагы сүйлөгөн сөздөрү, чакырыктары тууралуу.

Президенттик шайлоодон кийин Бабанов Кыргызстандан чыгып кеткен. 2018-жылдын сентябрь айында УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов парламент отурумунда кылмыш иш токтотулгандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий