• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеӊеште башкы прокурордун отчету каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурорунун отчету угулду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү боюнча 14 020 прокурордук актылар түзүлгөн.

Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн.

Мындан сырткары, мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык обьектилерди – бала бакчаларды, спорт обьектилер, билим берүү мекемелеринин имараттарын кайтаруу боюнча иштер аткарылган. Ошону менен катар Хизбут-Тахрир, Аль-Каида сыяктуу тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын 138 веб-сайтына жана 220 интернет баракчасына тосмо коюлган. 2018-жылы издөөдө жүргөн 14 чет өлкөлүк жаран өлкө аймагынан кармалып, тиешелүү өлкөлөргө өткөрүлүп берилди. Ошол эле маалда кылмыш иштерине байланыштуу Кыргыз Республикасы издеп жаткан жарандардын 71 чет өлкөлөрдөн алынып келинди.

Башкы прокурордун айтымында, 2019-жылдын башында колдонууга киргизилген бир катар кодекстер прогресстик кадамдардын бири. Ошентсе дагы жаӊы кодекстерди колдонууда келип чыгып жаткан кемчиликтерди эске алуу менен аларды өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл жана бул багытта жумушчу топтор иштеп жатат.

Депутат Карамат Орозованын суроосунан кийин 2018-жылы коррупциялык багытта 988 жазык иши козголгондугу белгилүү болду. Алардын ичинен прокуратура органдары тарабынан прокурордук көзөмөлдү жүргүзүүдө 962 жазык иши, улуттук коопсуздук органдары тарабынан 7 жазык иши, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан 14 жазык иши козголгон.

Прокуратура органдарына келген арыз-даттануулар менен иштөөдө тергөөчүлөрдүн жетишпей жаткандыгы айтылды. Депутат Айтмамат Назаров жер мыйзамдарын бузгандарга карата туура эмес чечим кабыл алган судьялардын ишине башкы прокурордун көӊүлүн буруп, мыйзамсыз жерлерге үй салууга уруксат берилген жагдайларды мисалга тартты.

Депутат Марлен Маматалиев Башкы прокурордун отчету статистика таризинде болгондугун айтып, анда келтирилген мыйзам бузуулардын келип чыгышы, мыйзам бузууларды болтурбоо, алдын алуу боюнча талдоо жүргүзүүлөргө кызыкты. Ошондой эле депутат пара берүү фактысы боюнча канча кылмыш иштерине дагы көӊүл буруу зарылдыгын билдирди. Депутат Каныбек иманалиев дагы прокуратура кызматтары аналитикалык иштерге басып жасоо керектигин сунуш кылды.

«Отчетто эӊ коррупцияланышкан мамлекеттик органдардын катарына 10 миӊ сом айлык алган кызматкерлер иштеген мекемелерди тескеген министрликтер киргизилиптир, Бажы сыяктуу ири каражат айланган мекемелер эмне үчүн кирген эмес. Карапайым элде пикир башкача»,- дейт депутат Жанарбек Акаев. Эл өкүлү көр сатуу боюнча даттангандар айыпка жыгылгандыгына нааразычылыгын билдирип, бул маселени Башкы прокурордун көзөмөлгө алуусун өтүндү.

Депутат Руслан Казакбаев 2017-жылы терроризм боюнча 23 факт катталса, 2018-жылы 1 факт катталганын, эмне үчүн мындай кескин айырма бар экенине кызыкты. Ошону менен катар прокуратура кызматынын ичиндеги коррупция боюнча 24 кызматкер иштен бошогондугун тактады.

Депутат Каныбек Иманалиев Тарых музейиндеги өрт кырсыгы, андагы жоголгон өтө баалуу экспонаттар боюнча Башкы прокуратуранын көз карашын сурады. Ошону менен катар депутат прокуратура кызматындагылардын ротациялоо боюнча туура иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Учурда Жогорку Кеӊеш депутаттары өткөн жыл ичиндеги ар кыл тармактагы мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча көйгөйлөргө токтолуп, жаралган суроолорун беришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий