• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК президенттик шайлоону 2017-жылдын 15-октябрына дайындады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште ушул жылы боло турган президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтом кабыл алынды. Демилгечи – депутат Иса Өмүркулов. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин бул токтомунун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалууда. Андан сырткары, бул документ аркылуу Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

Ошондой эле, Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Андан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине колкабыш кылууга тийиш.

Эске салсак, Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий