• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот Равшанбек Сабировго карата бардык өкүмдөрдү жокко чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Жогорку сот мурдагы вице-премьер-министр Равшанбек Сабировго карата чыгарылган бардык өкүмдөрдү жокко чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ЖСнын 2021-жылы 20-апрелиндеги токтому менен жактоочунун Р.Сабировдун кызыкчылыгы үчүн берген арызы жаңы ачылган жагдайлар боюнча прокурордун корутундусуна ылайык канааттандырылды.

Р.Сабировго карата Жогорку соттун 2013-жылы 23-майдагы токтому жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылы 7-марттагы өкүмү жокко чыгарылды. Кылмыш иши жаңы аппеляциялык соттук кароого жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий