• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот: Текебаев менен Чотоновдун соту 3-майга жылды

Коом 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Жогорку соттун коллегиясы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдай боюнча кайра кароо боюнча отурумун баштады. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү менен, Текебаев 303 "Коррупция" беренеси менен күнөөлү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

"Адам укуутарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс" жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Текебаев жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган.

Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун соттук акты өзгөртүүсүз калтырылган.

Өз учурунда, Жогорку сот 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому менен жогорудагы өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Бүгүнкү соттук отурумда ишти кароону жылдыруу жөнүндөгү өтүнүч менен ишке катышкан прокурор кайрылып, өтүнүч канааттандырылып, кийинки соттук отурум 2019-жылдын 3-майына жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий