• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун судьясы Гүлбара Калиева: “Жаңы кодекстер иштердин эффективдүү, сапаттуу каралуусуна жол ачат”

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти өлкөдөгү сот адилеттигин жакшыртуу боюнча жарлыкка кол койгон. Ошондон кийин жаңы мыйзамдар жана кодекстерди иштеп чыгууга бир нече жумушчу топ түзүлүп, иштей баштаган.

Кыргызстандын сот системасын реформалоо бир нече жылдарга созулуп келе жатат. Жакында эле Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы кодекстерге, мыйзамдарга Президент тарабынан кол коюлду.

Жогорку соттун судьясы Гүлбара Үтүровна КАЛИЕВА жарандык иштер боюнча жаңы кабыл алынган кодекстерге кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр киргендиги тууралуу айтып берди.

  • Кыргызстандын сот системасын реформалоосу бир нече жылдарга созулганын себеби-масштабы өтө чоң. Соттук реформа үч негизги багытта жүрүп жатат. Биринчи - мыйзамдык базаны өнүктүрүү (совершенствование), ушул багытта жаңы мыйзамдар жана кодекстер мыйзам чыгаруучу орган тарабынан кабыл алынып, өлкөнүн Президенти аларга кол койду. Экинчи багыты – кадрлардытаңдоо маселеси, бул багытта конституциялык орган - Судьяларды тандоо кеңешинин иши аяктап, республика боюнча95% судьялар тандалды. Үчүнчү багыт – сот системасынын инфраструктурасын жетиштүү деңгээлге жеткирүү –жаңы имаратттарды салуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, бардык зарыл болгон технологиялар менен камсыздоо да ишке ашырылып жатат.
  • Гүлбара айым, кайсы кодекстер жаңы иштелип чыкты?
  • Көп эле кодекстер жаңы иштелип чыкты. Жазык кодекси, Жазык – процесстик кодекси, Административдик процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси жана башка мыйзамдар жаңырды.Алардын үстүндө үч жыл бою жумушчу топтор иштеп, ар бир беренеси каралып, анализденип чыкты. Мен өзүм катышкан Жарандык процесстик кодекс боюнча айтып берейин.Жаңы кодекс 2017- жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Ага чейин кодекстерди ишке киргизүү процесси жүрүп, райондук, облустук жана Жогорку соттун судьяларына жаңы кодекстер боюнча кайра окутуу иштери жүргүзүлөт.
  • Эми жаңы кодекстеги өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды карапайым адам да түшүнө тургандай кылып айтып берсеңиз?
  • Инстанциялар боюнча өзгөрүүлөр жаңы кодекстердеги маанилүү жаңылык болуп калды.

Азыркы иштеп жаткан Жарандык процесстик кодекстер боюнча, доо арыз үч инстанциядан, биринчи инстанциядагы (райондук жана райондор аралык) соттордон, экинчи инстанциядагы- облустук соттор жана Бишкек шаардык соту жана үчүнчүсү - Жогорку соттон өтөт. Облустук соттор аппеляциялык жана кассациялык инстанцияларга бөлүнүшөт. Мындай жагдайда күчүнө кирген сот актылары эки жолу каралат, экинчи инстанциядагы соттордо жана Жогорку сотто.Ошондуктан бири-бирининфункцияларын кайталабашы үчүн жаңы кодексте экинчи инстанциядагы соттордон кассациялык тартипте кароосу алып салынып, Жогорку сот эле мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларды текшерет.

Алдын-ала соттук отурум деген жаңы институт кирип жатат.Азыр деле сот процесси башталардан мурда тараптарды сотко чакырып, жоопкерге доо арыздын көчүрмөсү берилип, ортолорунда пикир алмашуу бар. Бирок ал процессуалдык иш-аракет эмес жана ошол маектин протоколу дагыпроцессуалдык документ болуп саналбайт. Жаңы кодекс боюнча алдын-ала соттук отурумдарга тараптар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чакырылат жана өздөрүнүн өтүнүчтөрүн, далилдерин келтирүүгө укуктары бар. Бул соттук отурумда протокол жазылып, ал процессуалдык документ болуп саналат.

Мамлекеттик алымдарды төлөө тартиби дагы өзгөртүлдү. Учурда иштеп жаткан кодекс боюнча, мамлекеттик алымдар соттук иштер каралып бүткөндөн кийин өндүрүлөт. Жаңы кодекс боюнча,жаран доо арызы менен кошо мамлекеттик алымды да төлөйт. Эгер доогер соттон утса, сот анынчыгымдарын утулган тараптан өндүрүп берет.

  • Мамлекеттик алымдын суммасы ар кайсы иштерде ар башка да?
  • Ооба, мисалы, ажырашууларда мурда мамлекеттик алым 20 сом болчу, жакында эле ал 1000 миң сомго чыкты. Беш сомдук, он сомдук алымдар да бир аз көбөйдү. Ал эми экономикалык, соода-сатык, мүлк талаш боюнча иштерде мамлекеттик алым пайыз менен эсептелет. Беш пайыздык, он пайыздык мамлекеттик алымдар бар. Иштеп жаткан кодекс боюнча, Жогорку сотко даттанган жаран мамлекеттик алым төлөбөйт. Ал эми жаңы кодекс боюнча мындан ары Жогорку сотко даттанганы үчүн да мамлекеттик алымды төлөй турган болушту.

Чечимдерге даттануу келтирүү мөөнөттөрү кыскартылды. Жаңы кодекс боюнча, райондук соттун чечиминебир ай, облустук соттун чечимине болсоүч айберилди. Азыркы иштеп жаткан кодекс боюнча Жогорку соткодаттанууга бир жыл убакыт берилет. Мындай узак убакыт берүү өзүн актабайт. Бирок, кокус бир тарап жүйөөлүү себеп менен мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жиберсе, ал сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

  • Жаңы кодекске кошулган беш бөлүм, алынган төрт бөлүм тууралуу айтып берсеңиз?
  • Жаңы Жарандык процесстик кодекс беш бөлүм менен толукталды. Үч бөлүм жашы жетелек балдарды асырап алууга, камкорчулукту белгилөө, балдарды интернаттык мекемелерге жөнөтүүгө арналган. Анткени, 2012-жылы Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясы кабыл алынып, анда жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароо сотторго жүктөлгөн. Ошондуктан, бул категориядагы иштерди кароонун тартиби иштелип чыккан.

Төртүнчү бөлүм- ар кандай себептер менен жоголгон иштерди калыбына келтирүү тартибине арналган.

Бешинчи бөлүм - сот аткаруучулардын иш-аракеттерине келтирилген даттануулардын кароо тартибин жөнгө салат. Азыр мындай даттанууларды райондор аралык соттор карайт, жаңы кодекс боюнча райондук соттор карай турган болду. Чечимдерди аткаруу учурунда сот өндүрүшүндө кеңири тараган мисал келтирейин. Айталы, үйдөн чыгаруу боюнча соттук чечими чыкты. Үйдөн чыгарыла турган жарандар муну болушунча созууга үч инстанциядан тең аракет кылышат. Андан чечим чыгып жана күчүнө киргенден кийин, сот аткаруучу аны ишке ашырууга аракет кылат. Утулган тарап болсо, сот аткаруучу минтип койду, антип койду деп арызданып, ал иш райондор аралык сотто, андан ары дагы эки инстанцияда каралгыча дагы көп убакыт өтөт. Бул процесс ичиндеги процесс болуп атат. Эми утулган тарап сот аткаруучунуниш-аракеттерине даттанса, аны ошол эле райондук сотто кыска мөөнөттүн аралыгында карап коюуга болот.

Ошондой эле, азыркы иштеп жаткан Жарандык процесстик кодекстен төрт бөлүм алынып жатат. Алар Административдик процесстик кодекске кирди. Айтсак, административдик иштерди кароо тартиби жана нотариус, ЗАГС, Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине келтирилген арыз-даттанууларды кароо ошол жакка кетти. Жалпысынан жаңы кодекстер бардык тараптардын, жана соттордун ишин эффективдүү, сапаттуу жүргүзүүгө багытталган.

  • Дагы кандай жаңылыктар бар?
  • Иштеп жаткан кодекс боюнча, жаран Жогорку сотко даттануу келтиргенде, кайра чакыртып алууга укугу бар эле. Бирок мыйзамда анын кесепеттери көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан тарап бир жылдык мөөнөттүн ичинде бир нече жолу өзүнүн укугунан кыянаттык менен пайдаланып жүргөн.

Эми жаңы кодекс боюнча, эгер жаран Жогорку сотко бир жолу даттануукелтирип, бирок анысын кайра чакыртып алса, анда ал экинчи жолу даттана албай турган болду. Дагы бир көрүнүш, айрымдар биринчи, экинчи инстанцияда далилин көрсөтпөй, аны акыркы инстанцияда гана көрсөтүшөт. Өз укуктарын кыянатчылык менен пайдалануунун мындай жолдору да жабылды.

Жаңы кодекстерде диспозитивдүүлүккө, атаандаштыкка басым жасалды. Жарандык иштерде эки тараптын укугу да, милдети да тең. Мындай иштерде судья өз демилгеси менен эч нерсе жасабайт. Эки тараптын кимиси процессте активдүүлүгүн, ишке тиешелүү бардык документ, далилдерин көрсөтсө, ошол тарап утат. Атаандаштык деген ушу. Ал эми Административдик кодексте атаандаштык жок. Бир жаран кайсы бир мамлекеттик мекеменин токтому туура эмес деп сотко арыз жазса, ал токтомдун туура экендигин далилдөө, ошо мамлекеттик мекемеге жүктөлөт. Судья жаранга жардам берет.

Белгилей турган дагы бир көрүнүш, жаңы кодекстерде судьянын кандай аныктамалары даттанууга жатаары так көрсөтүлдү.

Дагы бир нерсе, азыр экономикалык жана административдик иштер боюнча гана заказдык каттар жиберилсе, жаңы кодекс боюнча жарандык иштерге да заказдык каттар жибериле турган болду.

  • Гүлбара айым, маек соңунда судьяларга болгон эл ишеними тууралуу сиздин оюңузду уккум келет...
  • Бир жылда республика боюнча 60 миңге жакын жарандык иш каралат. Ушунун 10 пайызы эле экинчи инстанцияга даттанылат, Жогорку сотко бул сандын жарымынан азыраагы гана даттанылып жатат. Көрдүңүзбү, 60 миң иштин 54 миңи биринчи инстанцияда эле күчүнө кирет. Алардын арасынан доо арыздардын 90 пайызы канааттандырылып жатат. Экинчи инстанцияга даттанылган иштердин 50 пайызынын биринчи инстанциядагы чечими күчүндө калтырылат. Жогорку сотко жеткен 3 миңдей иштердин көпчүлүгүнүн биринчи,экинчи инстанциядагы чечимдери күчүндө калат. Албетте, айрымдары бузулат. Бирок жалпы алганда бардык арыздардын 95 пайызга жакыны канааттандырылып, күчүндө калууда. Иш жүзүндө ушундай болуп жатса, элдин 80 пайызы сотторго ишенбей жаткандыгы тууралуу кантип айтууга болот?! Доо арыздары канааттанбай калган 5 пайыз жарандар арызданып, кайра - кайра теле-радио, гезиттерден айта берсе, сот менен иши жок адамдар деле булар ушундай коррупцияга баткан немелер турбайбы деп ойлоп калат да. А билбеген адам сот тууралуу маалыматты кайдан алат? Массалык маалымат каражаттарынан, же бир жакын адамынын сотко иши түшүп калган болсо ошондон алат да. Ушундан кийин сотторго болгон ишенимдин кандай экенин өзүңүз баалап алыңыз...

Булак: “Кыргыз Туусу” гезити

Пикир

Оставить комментарий