• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда Жеңиш күнүнө карата аскер парады өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Түркмөнстанда Жеңиш күнүнө карата аскер парады өтөт. Бул тууралуу Түркмөнстандын orient.tm агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, учурда аскер парадын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат.

"Буга чейин бул күнү, 9-майда өлкөдө парад өткөрүлчү эмес. Бирок салттуу түрдө ардагерлер үчүн салтанаттар, Жеңиш күнүнө арналган майрамдык программалар өткөрүлчү", - деп жазат агенттик.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр Жеңиш күнүнө карата уюштурула турган иш-чараларды өткөрбөө же жылдыруу чечимдерин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий