• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку соттун судьясы Жамалкан Исакова акыркы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. КРнын Жогорку сотунун судьясы Жамалкан Исакова акыркы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу жана сот бийлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 26-февралында кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти 2020-жылдын 11-апрелинде кол койгон, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, облустардын жана Бишкек шаарынын райондор аралык соттору административдик соттор деп өзгөртүлдү. Бул мыйзам боюнча соттуулугу райондор аралык сотторуна караштуу болгон экономикалык иштер мындан ары райондук жана облустардагы шаардык соттордо каралууга жатат. Мындай өзгөртүүлөр сот тутумунун ишин оптималдаштырууга багытталган.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 41-бөлүмүнүн главасын мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арыздардын мазмуну жана ага тиркелүүчү документтер тууралуу 376-1-беренеси жана ал арыздарды арыз берүүчүгө кайтаруунун негиздерин камтыган 379-1-беренеси менен толуктаган.

Ошондой эле өзгөртүүлөргө ылайык кассациялык инстанциядагы сот тарабынан каралган иштерди жаңы кароого жиберүү ыйгарым укугу алынып салынган.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мыйзам менен сот аткаруучунун токтомдорун жана аракеттерин талашуу боюнча арыздарды кайтаруу жана кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.

Жарандык процесстик кодекс соттун уруксаты менен ачык соттук жыйналыштын жүрүшүн реалдуу убакыт режиминде интернет түйүнүндө түздөн-түз алып көрсөтүү жөнүндө укук ченемдер жана башка өзгөртүүлөр менен да толукталган.

Пикир

Оставить комментарий