• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы Балыкчы шаардык сотунун жамааты менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Балыкчы шаардык сотунда болду, - деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, төрайым райондук соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуп, жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.

Бардык сот отурумунун залдарында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулуп, соттун автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) толук кандуу иштеп, бардык иштер судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүлүүдө.

Эки кабаттуу имаратта ар бир сот кызматкерлеринин өзүнчө бөлмөлөрү, эки сот залы, архив, жашы жете элек балдардын бөлмөсү, көзөмөл өткөрмө пункту, конвойлордун өзүнчө бөлмөсү жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий