• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-мартында саат 08:50 чамасында Ахунбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1969-жылы туулган М.Д.аттуу жарандын башкаруусундагы Хендай Соната үлгүсүндөгу автоунааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кийин 2020-жылдын 13-марттында саат 15:00 чамасында Хендай Соната автоунаасынын айдоочусу качып кеткен Тойота Эстиманын айдоочусун үйүнөн таап, “102” кызматына кабарлаган.

Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып шектүүнүн өздүгүн тактаганда, ал 1966-жылы туулган М.Р. аттуу аял экендиги белгилүү болгон. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, төшүндөгү видео трекерин ыргытып, жана унаа менен сүзгөнгө аракет кылып, өмүрүнө коркунуч келтирген.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүнү Ленин районунун №2 шаардык милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми автоунаа айып төлөөчү короо жайга токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий