• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жороев: Бүгүн түндө Кытайдан гумжардам катары 10 миң ПЧР тест-системасы келип түштү

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бүгүн түндө Кытайдан гумжардам катары 10 миң ПЧР тест-системасы келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ПЧР анализи жетиштүү көлөмдө бар.

"Запаста 45 миң тест-системасы бар. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тест-системанын санын көбөйтүү үчүн иштер жүргүзүлүүдө. Айта кетсем, бүгүн түндө Кытайдан гумжардам катарында 10 миң ПЧР тест-система келди. Андан сырткары, Беларусиядан 100 миң, Түркиядан 60 миң тест-система келиши күтүлүүдө", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 1-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий