• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков Азербайжандын жалпы улуттук лидери Алиевди эскерип, мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу жыйындан соң парламент делегациялары Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин мүрзөсүнө жана 1990-жылдын 20-январындагы кандуу окуяда курман болгон маркумдардын эстелигине барып, аларды эскерүү менен гүлчамбарларды коюшту.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Азербайжан Республикасына иш сапары менен барган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов (Республика - Ата Журт) менен Тазабек Икрамов (Өнүгүү-Прогресс) бар.

Пикир

Оставить комментарий