• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков Латвиянын Кыргызстандагы элчиси Юрийс Погребняксты кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.9. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Юрийс Погребняксты кабыл алды.

Жолугушууда төрагаЖумабеков Кыргызстан Латвия менен өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинен экономика, маданият, туризм багыттарындагы байланыштарды арттырууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Азыркы тапта Кыргызстанда демократиялык негиздеги башкаруунун парламенттик формасын калыптандыруу аракети жигердүү улантылууда. Биздин өлкөнүн демократиялык-укуктук мамлекет катары өнүгүп жатканынын негизги көрсөткүчү катары 2015-2017-жылдары ачык-айкын өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолорду айтсак болот. Анткени шайлоо өнөктүктөрүндө ачыктыкты камсыздаган жана добуштардын жыйынтыгын бурмалоого жол бербей турган заманбап технологиялар колдонулду”,– деди Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар төрага эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү зарылчылыгына токтолуп, Кыргызстанда инвесторлорго ылайыктуу мыйзамдык база калыптанганын белгиледи. Мындан тышкары, товарларды эки тараптуу экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле ВСП+ макамын пайдалануу үчүн Кыргызстан Латвиянын порттору, транспорттук инфратүзүмдөрү аркылуу логистикалык кызмат алууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Латвия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Юрийс Погребнякс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, акыркы эки жыл аралыгында мамлекеттер аралык саясий байланыштар кыйла өнүгүү менен тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде жигердүү улантылып жатканын айты.

Андан сырткары элчи төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын иш сапарын Латвия тарап чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп, иш сапар ийгиликтүү болоруна үмүт артарын кошумчалады. Ошондой эле Юрийс Погребнякс Латвиянын парламенти Жогорку Кеңештеги кесиптештери менен тыгыз байланышып, тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигине токтолду. Муну менен катар соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши мамлекеттер аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө болорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий