• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумаканов: Казакстанга сүт ташууга тыюу салуу жөнүндө бизге расмий эскертүү келген жок

Экономика 0

Бишкек, 16.10.17 /Аман Алымбеков - Кабар/. Эт жана сүт азыктарын ташууга тыюу салуу жөнүндө Казакстандын расмий бийлигинен жана Евразия экономикалык комиссиясынан (ЕЭК) бизге расмий билдирүү келген жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору
Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын фитосанитардык кызматы эт-сүт азыктарын ташууга тыюу салуу боюнча расмий билдирүү алган жок.

“Эгерде сүт азыктарын ташууга тыюу салынса, анда Казакстандын расмий кызматтары бизге маалымдайт. Учурда Казакстандын компетенттүү кызматтары жана ЕЭК тарабынан да, Кыргызстандын сүт өндүрүүчүлөрүнөн да эч кандай билдирүү алган жокпуз. Бардык товарлар ташылууда. Болгону чек арада кезектер бар жана ташуу кыймылы кыйындап турат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, казак ЖМКлары Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министрлигине таянып, буга чейин текшерүүлөрдө бузуулар аныкталгандыктан кыргызстандык беш сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын азыктарын Казакстанга ташууга тыюу салынганы тууралуу жазып чыгышкан.

“Эки кыргыз ишканасынын айрым азыктарына карата күчөтүлгөн лабораториялык козөмөлдөө жүрүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнү маалымдалат. Учурда алты чек ара постторунда 32 инспектор иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий