• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бабанов маалымат жыйын өткөрдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.10.17. /Кабар/. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн маалымат жыйын өткөрдү.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө ал ага колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирди.

“Биз Кыргызстанда шайлоого чыгууга боло тургандыгын көрсөттүк. Коомчулукка мамлекеттин өнүгүшүнүн альтернативалык багытын сунуштоо керек. Кимдики туура, кимдики туура эмес болгондугунун баарын убакыт таразалайт. Биздин жеңиш келечекте”, -деди ал.

“Биз жеңдик. Жеңишибиз мыйзам жолу менен чындыкты далилдей алганыбызда”, - деп кошумчалады Бабанов.

Ал ошондой эле бийликти басып алуу ниети жок экенин, тарапташтарын чагымчылыкка алдырбоого чакырды. Анын айтымында, ал өзүнүн тарапташтары митингге даярданып жатканы тууралуу чагымчылдык материал алган. “Бул андай эмес. Биз бийликти басып албайбыз. Мен эч качан бийликти басып алган эмесмин. Бул шайлоо биздин команданы курчутту”, - деп белгиледи саясатчы.

Өзүнүн оппоненттерине кайрылып, “Шайлоо бүттү. Эми башка талапкерлер үчүн чуркагандарды куугунтукка албастан, элди бириктирип, өлкөнү өзгөртүү керектигин билдирди. Биздин өлкөбүздү биз гана өнүктүрө алабыз”,- деди.

Ал президенттик шайлоо атаандаштыкта өткөнүн мойнуна алды. “Шайлоо өттү. Натыйжалар бар. Эл өз сөзүн айтты. Биз бузуулардын фактыларын топтойбуз. Биз шайлоо мыйзамдарын өзгөртөбүз”,-деди Бабанов.

Жээнбековду жеңиши менен куттуктадыңызбы деген суроого али куттуктай электигин айтты. “Байланышып жана куттуктоо мен үчүн оор эмес. Биз азыр жыйынтык чыгарып жатабыз, андан соң чечим кабыл алабыз” , - деди Бабанов.

“Эл тандаган, бир аз убакыттан соң президент боло турган адам, анда абдан зор милдеттер жана жоопкерчилик бар. Бул – өлкөнү өзгөртүү, биринчи кезекте өлкөдөгү ынтымакты сактап, элдерди бириктирүү”, - деп баса белгиледи ал.

БШКнын алдын ала маалыматтары боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,8%, Өмүрбек Бабанов – 33,7%, Адахан Мадумаров - 6,4% добуш алышкан.

Пикир

Оставить комментарий