• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгал: Кызыл-Жылдыз айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган мектептин курулуш иштери 2016-жылы башталган. Мектеп 16-октябрда пайдаланууга берилет.

"Объектти куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий