• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумгалда чабан уруштун айынан адамды өлтүрө атып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда чабан уруштун айынан адамды өлтүрө атып алганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-январда Жумгал районунун Чаек айылынын С.М. аттуу тургуну райондук милицияга Сары-Жайык кыштоосунда жайгашкан сарайдын У. аттуу чабаны ок атуучу курал менен А. аттуу адамды өлтүрө атып алганын билдирген.

Аталган билдирүү Жумгал райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагына караштуу Сары-Жайык аймагында 38 жаштагы Ү.Ж. мас абалында 24 жаштагы Ү.У. менен өз ара уруша кеткен. Ү.У. жанында көтөрүп жүргөн документи жок сайсыз ИЖ-18 үлгүсүндөгү 12 калибрдеги ок атуучу куралы менен Ү.Ж. башкарып жүргөн өңү ак түстөгү "Хонда СРВ" автоунаанын сол арткы терезесине бир жолу атып жиберген. Ок унаанын ичинде отурган 37 жаштагы А.А. аттуу жарандын сол жак далы тушуна тийген.

Жабыркаган жаранды Баш-Кууганды айылына алып келе жаткан учурда ал жаракатынан улам каза болуп калган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий