• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жунушалиев "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мэр шаардык транспорт башкармалыгынын жакында эле оңдоодон өткөн административдик имаратына да барды.

Иш сапардын аягында Айбек Жунушалиев ишкананын жетекчилигине автобустарды пландаштырылган чыгарууну максималдаштыруу, ошондой эле "Электрондук билет" долбоорун киргизүү боюнча тапшырма койду.

Пикир

Оставить комментарий