• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Журналист Т.Алтымышев: Президент ар бир сын сөздү угуп, көп маселелер боюнча макулдугун билдирди

Коом 0

Бишкек, 22.07.20 /Кабар/. Кечээ, 21-июль күнү президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге, дарыгерлерге жардам берип жаткан активист жана ыктыярчылар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда алар президентке суроо узатып, сунуштарын айтышты.

Белгилүү журналист Тынчтык Алтымышев "Кабар" агенттигине президент менен болгон жолугушуу тууралуу ой бөлүштү.

"Президент менен жолугушуу ачык өттү. Ар бирибиз Кыргызстанда коронавируска каршы күрөштө түзүлгөн кырдаал боюнча ой-пикирибизди ачык айттык.
Сын-пикирлер айтылды. Президент ар бирибизди угуп, активдүү жарандардын ой-пикирин угууга даяр экенин билдирди", - дейт ал.

Ал белгилегендей, жолугушууда учурдагы кырдаалдан чыгуу боюнча бир катар сунуштар айтылды.

"Саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча көп сунуштар айтылды. Дарыгерлердин айлык маянасы, алардын социалдык статусу тууралуу ачык айтылды. Активисттер дарыгерлерге кенемтени өз убагында төлөө, керектүү каражаттар менен камсыз кылуу боюнча сөз кылды. Оорукананын курулушу боюнча маселе талкууланды. Андан тышкары ушундай кырдаалда ыктыярчылардын ишин координациялоого өбөлгө боло турган ыктыярчылык ишмердүүлүк тууралуу мыйзамды кабыл алууну тездетүү сунушу айтылды. Президент бардык сунуштарды эске алып, өзүнүн аппаратына жана өкмөткө тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал ыктыярчыларга ыкчам иши жана конструктивдүү сындары үчүн ыраазычлык билдирди", - дейт ал.

Анын айтымында, жолугушуу учурунда президентке эч ким кошомат кылган жок жана "президент журт атасы" деген өңдүү сөздөр айтылган жок.

"Сүйлөшүү ачык өттү. Ар бир катышуучу өзүнүн оюн айтып, сунуштарын берди. Эми ал жолугушуунун жыйынтыгы кандай болот, алдыга коюлган тапшырмалар аткарылабы деген башкы маселе турат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий