• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо аяктоо алдында турат

Коом 0

Бишкек, 03.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы эл жана турак-жай фондун каттоо – 2022 өнөктүгү аяктоо алдында турат (республикабыздын алыскы аймактарын кошпогондо). Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, каттоочу келбеген жашоочулар четте калабызбы деген тынчсыздануу болуп жаткандыктан, өнөктүккө катышууга үлгүрүү үчүн Улутстатком уюштурган тынымсыз байланышка (тел. 1216) чалып, кайрылып жатышат.

Эл каттоо 3-апрелде аяктаган соң, үч күндүн ичинде, 4-6-апрелде контролдук кыдыруу өткөрүлөт. Мындай иш-чара каттоого алынган жашоочуларды бир сыйра тактоо максатында өткөрүлөт.

Каттоочу өзүнө бөлүнгөн каттоо бөлүмүнүн жетекчиси менен ар бир онунчу үй- арбасын кыдырып, чарбанын жашоочуларынан эл каттоодон өтүштүбү же өтүшкөн жокпу, бир сыйра тактап алышып, жогоруда белгиленгендей кайсы бир себептерден улам каттоого алынбай калган жашоочулар аныкталып калса, жеринен каттоого алышат.

"Каттоого алынбай калган жашоочуларды каттоо, кошумча кыдыруу ыкмасы Кыргызстандын эл каттоо практикасында буга чейинки эл каттоолорунда жүзөөгө ашырылып келген. Өлкөбүздүн жашоочуларына мындай иш-чарабызга туура түшүнүү менен мамиле жасайт деген ишеничибиз бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий