• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери 698 долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарына экспертиза жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза департаментине 2021 -жылынын 6 ай ичинде долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1054 даанасы түштү. Анын ичинен долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 698 даанасына техникалык-долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп, 134 документ каралууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал эми 222 долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, баардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрумдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча, жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий