• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Колледждердин кайсы адистиктери Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ?

Билим 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги суроо-талапка ээ адистиктер жана кесиптер, ошондой эле эксперименталдык окуу программалары боюнча тиешелүү көндүмдөргө ээ болууга мүмкүн болгон орто кесиптик окуу жайлар жөнүндө маалымдайт.

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 2019-жылдан тартып аймактык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган адистиктерге долбоордун Алдыңкы тажрыйба борборлоруна трансформацияланган пилоттук колледждеринде ээ болуу мүмкүн. Башкача айтканда, бул коллеждердин базасында окутуу компетенттүүлүк мамилеге негизделген окуу программалары боюнча жүргүзүлөт, милдеттүү дисциплина катары ишкердик өздөштүрүлөт.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү аркылуу жумуш ордунда окутууга басым жасалат жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусунун пайызын жогорулатат, көндүмдөргө чыныгы жабдуулары менен заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстерде ээ болуу мүмкүн. Ошондой эле АТБга педагогдордун жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуу киргизилүүдө, бул окутуунун сапатын олуттуу жогорулатат. Карьера борборлору бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүшөт.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда компьютердик класстар жабдылат, майып студенттердин керектөөлөрүн эске алуу менен (пандустар, көтөргүчтөр) имараттарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт, окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлөт, окуу лабораториялары жана устаканалар жабдылат.

Пикир

Оставить комментарий