• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын 5 аэропортунун учуу-конуу тилкелери асфальтталды

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. "Нарын", "Казарман", "Талас", "Жалал-Абад" менен "Кербен" аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Ведомствонун башчысы белгилегендей, ошондой эле Төө-Ашуудагы (Бишкек – Ош унаа жолу) туннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды. Туннель буга чейин 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Мындар тышкары, узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң "Көк-Арт" туннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий