• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматында Матраимов менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды – Исабеков

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматында Матраимов менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлдү.

Исабеков азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүргузулүп жатканын, ал боюнча дагы маалымат берилерин кошумчалады.

"Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башкы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар", - деди ал.

Ошондой эле Исабеков Матраимов менен кыйыр байланышы бар айрым кызматкерлери ээлеген кызмат ордуларынан төмөндөтүлгөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий