• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер 100% аткарылды

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер 100% аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2023-жылга болжолдонгон 10 миң гектар жайытты калыбына келтирүү пландалган. Учурда деградация болгон жайыттарды калыбына келтирүү иштери республика боюнча 100%га аткарылды.

Белгиленгендей, техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер жайыт чөбүнүн үрөнүн кол менен себишкен.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 10 миң га жайыт аянтына үрөн себилип, иштер 100%га аткарылды. Облустар боюнча алып караганда:

- Нарын облусу - 1603 га;
- Ош облусу – 2035 га;
- Жалал-Абад облусу - 2674 га;
- Ысык-Көл облусу - 1198 га;
- Чүй облусу – 649 га;
- Талас облусу – 905 га;
- Баткен облусу – 936 гектар аянтка жайыт үрөндөрү себилди.

Эскерте кетсек, кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөттөргө жана жайыт комитеттерине таратылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий