• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Бишкекте 43 адам суицидке барган

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын ичинде Бишкек шаарында өз өмүрүнө кол салуу боюнча 43 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкект ШИИББдин уюштуруу-инспекция башкармалыгынын жетекчиси Сыймык Жакыпов билдирди.

Анын билдирүүсү боюнча, өз жанын кыйгандардын арасында бирөө жашы жете элек өспүрүм. Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө тиешелүү органдар тарабынан мындай жагдайдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

“Өзгөчө көңүл жашы жете электерге бөлүнөт. Өз убагында жүргүзүлгөн иш-аракеттер оң натыйжа берет. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өзүн-өзү өлтүрүү фактысы 3 эсе аз катталган”,-деп билдирди Жакыпов.

Пикир

Оставить комментарий