• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Эмгек министрлиги тарабынан 787 майыптык арабалар берилген

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 787 майыптык арабалар берилген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмгек министри Гүлнара Баатырова “Ассанабилл” фондунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн өткөргөн кайрымдуулук акциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында “Ассанабилл” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан майыптарга 26 майыптык араба, 12 тигүүчү машина, 40 угуу аппараты таратылды.

«Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн медициналык дайындоолорду эске алуу менен буюмдардын 150 дөн ашык түрүн чыгарат. Министрлик тарабынан жыл башынан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 787 майыптык араба жана ден соолукту чыңдоо үчүн 5036 санаториялык-курорттук жолдомолор берилди.

Мындан сырткары, министрликтин карамагындагы социалдык стационардык мекемелерде 2,3 миң камкордукка алынгандар жашайт, анын ичинде улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана балдар жашаса, социалдык кызматкерлер тарабынан 9727 жалгыз бой улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үйүндө тейленет», - деди ал.

Гүлнара Баатырова “Ассанабил” кайрымдуулук фондуна калктын жардамга муктаж аярлуу катмарына көрсөтүп келе жаткан жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган фонд тарабынан Кыргызстандын аймактарында бир нече фельдшердик-акушердик пункттар курулуп, оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандарыбызга материалдык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий